Адам университети мамлекеттик түзүмдөр, иш берүүчүлөр, коомдук жана эл аралык уюмдар, ошондой эле Европа, Азия университеттери, анын ичинде: Улуу Британия, Германия, Франция, Испания, Норвегия, Швеция, Финляндия, Италия, Литва, Латвия, Россия Федерациясы, Казакстан Республикасы жана башкалар менен кеңири өнөктөштүк байланыштарга ээ. Университет негизделгенден бери долбоордук ишмердүүлүк жаатында жигердүү иш алып барууда. Университеттин Билим берүү программалары дүйнө жүзүндөгү алдыңкы университеттер менен тыгыз кызматташтыкта иштелип чыккан.

Университет 1995-жылы Тынчтык Корпусу, Евразия фонду, Каунтерпарт Консорциуму колдогон "жумушсуз калк үчүн кесиптик тренингдер" аттуу биринчи долбоорун жеңип алган. Адам университети өзүнүн билим берүү ишмердүүлүгүнүн жүрүшүндө ЕБ, ЕККУ, ЕККУ, БАЕФ, АӨБ жана башка донордук уюмдар, анын ичинде европалык университеттер менен кызматташтыкта 70тен ашык долбоорду ишке ашырган. Ошондой эле АУ Еврокомиссия колдогон "Erasmus+" долбоорлорунун активдүү катышуучусу болуп саналат. 1999 – жылдан 2023-жылга чейинки мезгилде АУ ар түрдүү тармактарда 20дан ашык "Erasmus+" жана "TEMPUS" долбоорлорун ишке ашырган.

Байланыш:
Чоюбекова Азима - тышкы байланыштар бөлүмүнүн башчысы
Bafe.interdepart@gmail.com +996312530341
Саманчиева Айтурган - тышкы байланыштар бөлүмүнүн башчысынын орун басары
Эгембердиев Атай - тышкы байланыштар бөлүмүнүн менеджери