Изилдөөлөр

Адам университетинин илимий-изилдөө иши илим менен билим берүүнүн интеграциясын ишке ашыруунун ырааттуулугун баалоону камтыган билим берүүнүн мазмунунун актуалдуулугун камсыз кылуу үчүн негиз болуп саналат.
Илимий-изилдөө иштеринин темалары программалардын, департаменттердин жана ЖММдин жыйналыштарында каралат, андан кийин УАнын Илимий-техникалык кеңешинин жыйынында талкууланат жана  УАнын Окумуштуулар кеңеши тарабынан бекитилет ( № 2, 10.22)
Адам университети төмөнкү багыттар боюнча изилдөө жүргүзөт:
«Экономика, менеджмент жана туризм» программасы төмөнкүдөй илимий темаларды ишке ашырат:
«Кыргыз Республикасынын финансы-экономикалык коопсуздугу»
«Туризмди туруктуу өнүктүрүү Кыргыз Республикасынын экономикасын өнүктүрүүнүн фактору катары».
«Кыргыз Республикасынын социалдык чөйрөсүн өнүктүрүү, анын финансылык аспектилери».
«Кыргыз Республикасында кичи жана орто бизнести өнүктүрүүнүн көйгөйлөрү жана келечеги».
(программалардын, департаменттердин жана ЖММтин илимий-изилдөө иштеринин темаларын бекитүү жөнүндө Илимий-техникалык кеңештин 2022-жылдын 17-сентябрындагы №1 протоколу).
Гуманитардык дисциплиналар департаментинин илимий изилдөөлөрүнүн жалпы багыты: «Гуманитардык жана табият таануу илимдери» (Илимий-техникалык кеңештин 2022-жылдын 17-сентябрындагы №1 протоколу)
МТИД департаментинин илимий темасы: «Табият таануу жана билим берүүдөгү маалыматтык технологиялар».
ЖММ илимий изилдөөлөрү дисциплиналар аралык багыттар, мисалы айлана-чөйрөнүн абалы менен калктын саламаттыгынын ортосундагы байланыш маселелери боюнча жүргүзүлөт. 2018-жылдан бери «Айлана-чөйрө жана ден соолук» темасында илимий-изилдөө иштери жүргүзүлүп келет. (Илимий-техникалык кеңештин 2022-жылдын 17-сентябрындагы №1 протоколу). 
Бул теманын алкагында төмөнкүдөй иштер жүргүзүлүүдө, атап айтканда:

  • Биокоопсуздук жана экологиялык биотекшерүү;
  • Гидробионттордун - биоиндикаторлордун түрлөрү боюнча ичүүчү суунун сапатын баалоо;
  • Климаттын өзгөрүшүнүн жана ден соолуктун терс аспектилерине адаптация;
  • Коопсуз тамак-аш жана органикалык айыл чарба аркылуу ден соолукту коргоо.

Университеттин профессордук-окутуучулар жамааты Кыргыз Республикасынын билим берүү системасын өнүктүрүү жаатында илимий-изилдөө иштерин активдүү жүргүзүүдө. Университетте жогорку билим берүүнүн заманбап шартындагы актуалдуу маселелери боюнча илимий-практикалык конференциялар жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн келген окумуштуулардын, окутуучулардын, бизнес түзүмдөрүнүн өкүлдөрүнүн, магистранттардын катышуусунда үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат.