Университет

Адам университети / Бишкек финансы-экономикалык академиясы - мамлекеттик эмес жогорку окуу жайы, 1994-жылдын 31-майында Эл аралык финансы-экономикалык кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо борбору катары түзүлгөн. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин коллегиясынын 1997-жылдын 28-ноябрындагы № 12/12 чечими менен Эл аралык финансы-экономикалык кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо борбору Академиялык статусу бар жогорку окуу жайы катары аттестацияланган жана Борбордун укуктарын жана милдеттерин толук укуктук жактан уланткан. 2016-жылы Академия жогорку окуу жай катары Адам университети болуп кайрадан катталган.

Адам университетинин миссиясы - азыркы өзгөрүп жаткан дүйнөдө натыйжалуу иштөөгө гана эмес, аны жигердүү өнүктүрүүгө жана атаандаштыкка жөндөмдүү кадрларды даярдоо аркылуу коомдун социалдык жана экономикалык институттарынын туруктуу өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү.

Адам Университети - жогорку билимдүү, атаандаштыкка жөндөмдүү жана инновациялык багыттагы адистерди даярдаган, улуттук жана дүйнөлүк илимий билим берүү мейкиндигине активдүү катышкан, натыйжалуу, туруктуу жана динамикалуу өнүгүп жаткан мамлекеттик эмес университет. 

Баалуулуктар

  • Ишеним жана урмат

  • Академиялык эркиндик жана чынчылдык

  • Сапат, өнүгүүгө умтулуу

  • Өнөктөштүк

  • Инновация

Сапат саясаты

Адам университетинин сапат саясаты ички жана тышкы стейкхолдорлор менен жүргүзгөн кайтарым байланыштарынын негизинде билим берүү жана илимий ишмердүүлүккө кызмат көрсөтүү сапатын жогорулатууга багытталган.

Сапат саясаты инсанга багытталган окутууну уюштуруу үчүн университеттин баалуулуктарына, ресурстарына жана өнөктөштүккө, атаандаштыкка жөндөмдүү компетенттүү кадрларды даярдоого, жаңы билимдерди жаратууга жана өнүктүрүүгө, прикладдык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө таянат.

Түзүмдүк бөлүмдөр

Университеттин билим берүү ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн окуу жайдын уюштуруучулук, окуу-методикалык, окуу-лабораториялык, илимий, окуу-тарбиялык, чарбалык жана финансылык ишмердигин камсыз кылуучу төмөнкү түзүмдүк бөлүмдөр иш алып барат: программалар (бүтүрүүчү кафедралар), департаменттер (кошумча кафедралар); Окуу бөлүмү, Кадрлар бөлумү, Маалымат бөлүмү, Китепкана, Карьера борбору, Тышкы байланыштар бөлүмү, Бухгалтерия, Студенттик Өкмөт, Сапатты камсыздоо бөлүмү ж.б. 

Профессордук-окутуучулар курамы

Университет билим берүү ишмердүүлүгүнүн лицензиясынын квалификациялык талаптарына ылайык профессордук-окутуучулар курамынан түзүлгөн жана алардын толук билимине, окутуунун заманбап ыкмаларына, керектүү көндүмдөрүнө жана тажрыйбаларына ээ экендигине кепилдик берет.

Лицензиясы

Университететте төмөнкү багыттарды даярдоо боюнча билим берүү лицензиялары бар: 

  • Бакалавриат, окутуунун нормативдүү мөөнөтү 4 жыл: Экономика, Менеджмент, Туризм, Бизнести башкаруу, Маалыматтык системалар жана технологиялар. 

  • Магистратура, окутуунун нормативдүү мөөнөтү 2 жыл: Экономика, Менеджмент, Туризм

  • Адистик, окутуунун нормативдүү мөөнөтү 6 жыл жана 5 жыл (12 жылдык орто билимге негизделген):

Дарылоо иши

Аккредитация

Адам Университети - Борбордук Азиядагы университеттердин ичинен алгачкылардан болуп 2005-жылы аймактык коомдук-кесиптик аккредитациядан ийгиликтүү өткөн жана CAMEQ сапатынын алтын диплому менен сыйланган.  

2019 жана 2021-жылдары университет 5 жылдык мөөнөткө улуттук көз карандысыз программалык жана институционалдык аккредитациядан ийгиликтүү өттү;

2021 жана 2022-жылдары университет 3 жылдык мөөнөткө эл аралык көз карандысыз программалык жана институционалдык аккредитациядан (IAAR) өттү.

Долбоорлор

2005-жылдан тартып Адам университети КР ББжИМдин жогорку билим берүү системаларына реформаларды киргизүү боюнча пилоттук жогорку окуу жайы болуп саналат жана университет төмөнкү багыттагы долбоорлорду ишке ашырып келет:

  • Бакалавриат жана магистратура эки циклдык программаларын иштеп чыгуу;

  • ECTS жана Европалык дипломдоруна (Diploma Supplement) тиркемелерди киргизүү;

  • Карьера борборлорун өнүктүрүү;

  • Студенттердин жана окутуучулардын мобилдүүлүгүн өнүктүрүү;

  • Университеттин аккредитациясын жана сапатын камсыз кылуунун ички системаларын түзүү;

  • PhD программасын өнүктүрүү;

  • Электрондук окутууну өнүктүрүү;

  • "Туризм" багыты боюнча бакалавриат и магистратура үчүн кош диплом билим берүү программаларын түзүү.

  • ЕС, Erasmus+ программасы тарабынан каржыланган, Кыргызстандагы ЖОЖдордун финансылык автономиялыгын өнүктүрүү.

Окуу процесси

Окуу процесси Кыргыз Республикасынын Жогорку кесиптик билим берүүсүнүн мамлекеттик билим берүү стандарттарына жана Болон процессинин принциптерине ылайык кредиттик системасы боюнча уюштурулган жана студенттердин жеке билим алуу жолун түзүүгө багытталган.

Окуу процессине жаңы маалыматтык технологиялар жигердүү киргизилүүдө. Университетте электрондук маалыматтык билим берүү чөйрөсүнүн иштеши үчүн төмөнкү шарттар түзүлгөн: 

  • АУ «GAUDI» электрондук башкаруу тутуму;

  • MOODLE (Modular Object-Oriented Dynamic Learning Environment) электрондук окутуу платформасы;

  • Электрондук курстар иштелип чыккан;

  • Кыргызстанда алгачкы ачык онлайн курстары иштелип чыккан;

  • Балтика Эл аралык академиясы (Латвия) жана Түштүк-Батыш Неофит-Рыльски университети (Болгария) менен кош диплом программалар боюнча биргелешкен курстар иштелип чыгууда;

  • Санкт-Петербург мамлекеттик экономика университети (Россия), Пермь мамлекеттик университети (Россия), Балтика Эл аралык академиясы (Латвия), Түштүк-Чыгыш Телемарк университети (Норвегия) жана Түштүк-Батыш "Неофит-Рыльски” (Болгария) университети менен үзгүлтүксүз вебинарлар, ачык онлайн лекциялар өткөрүлүп турат;

  • Туризм жана меймандостук тармагындагы компетенция борбору. 

Китепкана фонду

Университеттин маалыматтык-китепканалык базасы жетиштүү. Китепкананын фонду жыл сайын толукталып турат.  Фонддо кыргыз, орус жана чет тилдеринде окуу, илимий, универсалдуу тематикадагы илимий-популярдуу адабияттар, маалыматтык-библиографиялык, мезгилдүү басылмалар кеңири берилген.

Кызматташтык 

Адам университети Университеттердин Улуу Хартиясына кол койгон алгачкы жогорку окуу жайлардын бири. Учурда университет Болон Клубунун, КАДО, Медициналык Билим берүү боюнча Бүткүл дүйнөлүк Федерациясынын (WFME), КАТО, КР ЖОЖдор Ассоциациянын ж.б.мүчөсү. 

Учурда Адам университети Кыргыз Дистанттык билим берүү Ассоциациясынын (2013-жылдан бери уюштуруучусу), Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайлар Ассоциациясынын (2015-жылдан бери), Кыргыз туроператорлор Ассоциациясынын (2010-жылдан бери) мүчөсү.

Университет мамлекеттик түзүмдөр, иш берүүчүлөр, коомдук уюмдар, Европа, Азия университеттери (анын ичинде: Великобритания, Германия, Франция, Испания, Норвегия, Швеция, Финляндия, Италия, Литва, Латвия, Россия Федерациясы, Казахстан Республикасы, ж.б.) менен кеңири кызматташтык байланышта.