Бакалавр даражасы – жогорку кесиптик билимдин академиялык даражасын алууга укук берүүчү, магистратурага тапшырууга жана кесиптик ишмердүүлүк менен алектенүүгө укук берүүчү билимдин деңгээли.

  • Окуу формасы: күндүзгү, сырттан окуу

  • Окуу мөөнөтү: 4 жыл, 5 жыл

  • Кирүү тесттери: жалпы республикалык тестирлөө, чет өлкөлүк жарандар үчүн ички тестирлөө (математика, орус тили)

Күндүзгү бакалавр даражасынын биринчи курсуна тапшырган абитуриенттер кош диплом программасы боюнча сынакка катыша алышат.

Бакалавриат программасын өздөштүргөн жана мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациядан ийгиликтүү өткөн бүтүрүүчүгө окуунун тиешелүү багыты боюнча «бакалавр» академиялык даражасы ыйгарылат.

Перспективалар

Бакалавриат программасын аяктаган бүтүрүүчүлөр тиешелүү адистерди даярдоонун багыттары боюнча магистратурада окуусун уланта алышат.

Бакалавриат программасын аяктаган бүтүрүүчүлөр төмөнкү кызматтарда иштей алышат:

  • Жалпы билим берүү мекемелеринде, башталгыч жана орто кесиптик билим берүү мекемелеринде окутуучу катары

  • Чакан топтун жетекчиси

  • Профил боюнча долбоордун жетекчиси катары

Окутуу багыты

Стандарттар жана нормативттик документтер