Ректордун кайрылуусу

Урматтуу достор! Университетибиздин сайтына кош келиңиздер!

Биздин университет Кыргызстанды өнүктүрүү үчүн иштөөгө даяр, ар тараптуу, ийгиликке умтулган адистерди даярдоо аркылуу өлкөбүздүн социалдык-экономикалык потенциалын чыңдоого көмөктөшкөн, динамикалуу өнүгүп жаткан заманбап ата мекендик жогорку окуу жайлардын бири.

Адам Университети 1994-жылы бизнес-мектебинин моделине ылайык Кыргыз Республикасындагы биринчи жеке университеттердин бири катары түзүлгөн жана көз карандысыз Кыргызстандын каржы, экономика, менеджмент жана туризм тармагындагы рынок институттарын жигердүү өнүктүргөн кадрларды даярдоого багытталган. Биздин университет Кыргызстанда, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдө да ийгиликтүү иштеген миңдеген жогорку квалификациялуу адистерди даярдап чыгарууда. Биздин бүтүрүүчүлөр ар кандай тармактарда жогорку натыйжаларга жетишип, саясат жана экономика, бизнес жана илим чөйрөсүндө алдыңкы орундарды ээлеп келишет. 
Университеттин бүгүнкү стратегиялык маанилүү милдеттеринин бири - бул улуттук жана эл аралык эмгек рынокторунда экономика, бизнес, саламаттыкты сактоо, социалдык тейлөө ж.б. чөйрөлөрүндө талап кылынган жана жакынкы келечекте талап кылына турган атаандаштыкка жөндөмдүү адистерди даярдоо.

Бул үчүн биз программаларыбыздын сапатына жана колдонмо мүнөзүнө өзгөчө көңүл бөлүп, өнөктөштөрүбүздүн алдыңкы практикаларын жана тажрыйбаларын максималдуу колдонобуз, ошондуктан Университетибиздин өнүгүүсүндө эл аралык иш-чаралар маанилүү орунду ээлейт. Бүгүнкү күндө биз дүйнө жүзү боюнча 50дөн ашуун университеттер менен кызматташабыз. 10 жылдан ашык биз Норвегиянын Түштүк-Чыгыш университети менен биргелешкен программаларды өнүктүрүп келебиз. ЕБ "Эразмус +" долбоорлорунун алкагында биз студенттердин академиялык мобилдүүлүгүн өркүндөтүп жатабыз, Улуу Британия, Кипр, Германия, Латвия жана Россиянын ондон ашык университеттерин камтыган туризм тармагындагы магистрдик программаны өнүктүрүү үчүн максаттуу иштеп келебиз. Ошондой эле, 2019-жылдан баштап университет Балтика эл аралык академиясы (Латвия) жана Түштүк-Батыш Неофит-Рыльски университети (Болгария) менен кош диплом программасы жөнүндө келишимге кол койду. Жаңы окуу жылынан тартып студенттерге сабактарды ата мекендик профессорлор гана өтпөстөн, студенттер электрондук окутууну колдонуу аркылуу өнөктөштөрүбүздүн окуу модулдарын тандап, сабактарга синхрондук катыша алышат, андан соң өнөктөш жогорку окуу жайлардын экинчи дипломуна ээ болушат. 

Университетте окуу биздин студенттерге кесиптик жана инсандык өсүш үчүн келечектүү мүмкүнчүлүктөрдү түзөт, ийгиликтүү карьераны курууда жаңы мейкиндиктерди ачат.

Бул сайтты колдонуучуларыбыз үчүн мүмкүн болушунча ыңгайлуу кылганга аракет кылдык. Биздин сайтта абитуриенттер жана алардын ата-энелери, студенттер, кошумча билим алган адистер, ошондой эле университеттин жашоосуна кызыккандар үчүн эң маанилүү маалыматтар берилди. Кызыккан бардык суроолоруңуздарга жооп ала аласыздар деген ишиничтебиз. 

Адам университетинин сайтына кош келиңиздер!

Сирмбард Светлана Рустамовна

Ректор Университета АДАМ, национальный эксперт по реформированию высшего профессионального образования, доцент, С.Р. Сирмбард