2024 кабыл алуу кампаниясы

Кабыл алуу эрежелери

Адам Университети 2023  Кабыл алуу кампаниясы  баштала тургандыгын жарыялайт. Университетке тапшыруу боюнча кабыл алуу процесси жана талаптар  менен таанышып алыңыз. Ошондой эле, Сизге ылайыктуу билим дээңгелин тандаңыз. Бакалавр даражасы - магистратурага чейинки университеттин баштапкы деңгээли. Магистр даражасы – университеттик эң жогорку билим болуп эсептелинет.

Адам Университети Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайынын расмий статусуна ээ. Университеттин билим берүү иши Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан лицензияланган жана толугу менен Кыргызстандын билим берүү стандарттарына ылайык жүргүзүлөт.

  • Адам Университетинин Уставы

  • Каттоо күбөлүгү

  • Жогорку кесиптик билим берүү чөйрөсүндө билим берүү ишин жүргүзүү укугуна Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин № LD160000810 лицензиясы

  • Көз карандысыз Аккредитациялоо тууралуу Сертификат

  • Көз карандысыз Улуттук Институционалдык аккредитация жөнүндө Сертификат 2021

  • Эл Аралык Аккредитациянын Сертификаты 2021 ж.

Кыргыз Республикасынын жарандарын жана башка мамлекеттердин жарандарын республиканын жогорку окуу жайларына кабыл алууну жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин жогорку окуу жайларына талапкерлерди кабыл алуу тартиби менен таанышып алыңыз. Адам университетине кабыл алуу эрежелери ушул документке ылайык иштелип чыккан.

Кыргыз Республикасынын жарандары Бакалавриат жана адистик программаларына тапшыруу эрежелери: Адам университетине кирүү экзамендерин тапшыруу мөөнөтү: жайкы кабыл алуу – 1-июлдан 25-августка чейин;кышкы кабыл алуу — 20-декабрдан 15-февралга чейин.

Бакалавр жана адистик программаларына кирүү, чет өлкөлүк жарандар үчүн: Адам университетине кирүү экзамендерин тапшыруу мөөнөтү: жайкы кабыл алуу – 1-августтан 1-декабрга чейин;

кышкы кабыл алуу — 20-декабрдан 15-февралга чейин.

Магистратурага тапшырган абитуриенттер үчүн: Адам университетине 2023-2024-окуу жылына абитуриенттерди кабыл алуу 2023-жылдын 20-июнунда башталып, 2023-жылдын 1-октябрына чейин созулат.

Керектүү документтердин тизмесин кылдат окуп чыгыңыз. Тандоо комиссиясы келип түшкөн документтердин жалпы талаптарга ылайыктыгын текшерет. Толук эмес документтер кабыл алынбайт.

  • Паспорт же жашы жете элек баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү;
  • Орто билим жөнүндө мамлекеттик документ - аттестат/ орто кесиптик билим жөнүндө диплом же жогорку билим жөнүндө диплом;
  • Жалпы республикалык тестирлөөнүн сертификаты;
  • 3x4 өлчөмүндөгү 6 сүрөт;
  • Аскердик кызмат ѳтѳѳ  жөнүндө күбөлүк эркек балдар үчүн.

Керектүү документтердин тизмесин кунт коюп окуп чыгыңыз. Кабыл алуу комиссиясы кабыл алына турган документтердин жалпы талаптарга шайкеш келишин текшерет. Документтердин толук эмес пакети четке кагылат.

  • Орто билими жөнүндөгү аттестат;
  • Тийиштүү кирүү визасы бар паспорт;
  • Медициналык күбөлүк - форма 086, (Медициналык текшерүү Адам университетинин медициналык борборунда жүргүзүлүшү мүмкүн);
  • Такталган формадагы арыз;
  • 10 сүрөт (3x4 см).

Кабыл алуу үчүн документтерди тапшыруу кагаз түрүндө кабыл алуу комиссиясынын кеңсесине жеке өзү тарабынан жүргүзүлөт.

Бакалавриат жана адистик программаларына тапшыруу мөөнөтү 2023-жылдын 17-июлунда башталат. Бардык документтер кабыл алуу комиссиясы тарабынан 2023-жылдын 30-августунан кечиктирилбестен кабыл алынышы керек. Белгиленген мөөнөттөн кийин келип түшкөн документтер каралбайт, тапшыруу мөөнөтү бардык талапкерлер үчүн бирдей.

Магистратура программаларына тапшыруу мөөнөтү 2023-жылдын 20-июнунда башталып, 2023-жылдын 1-октябрына чейин созулат. Бардык документтер кабыл алуу комиссиясы тарабынан 2023-жылдын 1-октябрынан кечиктирилбестен кабыл алынышы керек. Белгиленген мөөнөттөн кийин келип түшкөн документтер каралбайт, тапшыруу мөөнөтү бардык талапкерлер үчүн бирдей.

Кабыл алуу бөлүмүнүн дареги:
720010, Кыргыз Республикасы
Бишкек ш., 7 Апрель 155а

Кош даражадагы программалар эл аралык тажрыйбаны гана эмес, бир бакалавр же магистр программасы боюнча эки дипломдун ээси болууга мүмкүнчүлүк берет. Кош дипломдуу программа боюнча окуган студент өзүнүн адистиги боюнча эки университетте окуп, ошого жараша эки жогорку билим жөнүндө диплом алат.

Окуу эки университетте тең же ырааттуу түрдө жүргүзүлүшү мүмкүн, бул дагы акчаны үнөмдөйт.

  • Балтика эл аралык академиясы, Латвия
  • Түштүк-Батыш Неофит-Рылски университети, Болгария

Бакалавриат
Багыттын коду Окутуу багытынын аталышы Окуу мѳѳнѳтү Кирүү сынактары
Күндүзгү бѳлүм Сырттан окуу бѳлүмү 11класстын базасында ОКБ базасында
11класстын базасында ОКБ базасында 11класстын базасында ОКБ базасында
580100 Экономика 4 жыл 3 жыл - - ЖРТнын негизинде конкурстук тандоо
Негизги тест үчүн босого балл - 110 балл
ооз эки маектешүү
580200 Менеджмент 4 жыл 3 жыл - -
600200 Туризм 4 жыл 3 жыл - -
580700 Бизнести башкаруу 4 жыл 3 жыл - -
710200 Информациялык системалар жана  технологиялар 4 жыл 3 жыл - -
530800 Эл аралык мамилелер 4 жыл 3 жыл - -
* контракттык окутуу үчүн негизги тест жетиштүү
Магистратура
Багыттын коду Окутуу багытынын аталышы Окутуу мѳѳнѳтүү
Күндүзгү бѳлүм
Кирүү сынактары
580200 Менеджмент 2 жыл ооз эки маектешүү
580100 Экономика 2 жыл
600200 Туризм 2 жыл
Специалитет
Багыттын  коду Окутуу багытынын аталышы Окутуу мѳѳнѳтү
Күндүзгү бѳлүм
Кирүү сынактары
560001 Дарылоо иши 6 жыл ЖРТнын негизинде конкурстук тандоо
Негизги тест үчүн босого балл - 110 балл
Химия - 60 балл, Биология - 60 балл;
 

Абитуриенты с иностранным гражданством поступающие по программам подготовки бакалавров и специалитета, сдают внутренние экзамены (тестирование).

Код направления

Наименование направления подготовки

Перечень предметов

580100

Экономика

Математика, русский или английский язык (для программ двойных дипломов)

580200

Менеджмент

Математика, русский или английский язык (для программ двойных дипломов)

600200

Туризм

Русский и английский языки

710200

Информационные системы и технологии

Математика/физика, русский язык

560001

Лечебное дело

Биология, химия

Бакалавриат:

 

Багытынын коду

Даярдоо багытынын аталышы

Окуу акысы

Кирүү сынактары

Күндүзгү бөлүмү

11-класстын базасында

ЖРТнын негизинде конкурстук тандоо

580100

Экономика

34900 сом

Негизги тесттин босого баллы – 110 балл

580200

Менеджмент

34900 сом

600200

Туризм

34900 сом

580700

Бизнес башкаруу

34900 сом

710200

Маалыматтык системалар жана технологиялар

36900 сом

560001

Дарылоо иши

75000 сом

Негизги тесттин босого баллы 110 балл

Босого балл:

Биология - 60 баллов; Химия – 60 баллов


 

Магистратура:

 

Багытынын коду

Даярдоо багытынын аталышы

Окуу акысы

Кирүү сынактары

Күндүзгү бөлүмү

 

580100

Экономика

37900 сом

ооз эки маектешүү

580200

Менеджмент

37900 сом

600200

Туризм

37900 сом