23.04.2025
2025-жылдын 22-апрелинде С.Тентишев атындагы Азия медициналык институтунда «Медицинанын табигый жана гуманитардык аспектилери» аттуу эл аралык интеграциялык олимпиада болуп өттү. Олимпиадага медициналык жогорку окуу жайлардын студенттери катышты
Олимпиаданын максаты: таланттуу студенттерди аныктоо жана колдоо, табият таануу жана гуманитардык илимдер жаатындагы билимдерин жайылтуу, инсанды өнүктүрүү, сынчыл ой жүгүртүү, көйгөйлөрдү чечүүгө чыгармачылык мамиле кылуу, ошондой эле студенттердин талдоо жана өз алдынча изилдөө көндүмдөрүн өнүктүрүү.
Олимпиадага Адам университетинин студенттери кыргыз тили, орус тили, латын тили жана химия предметтери боюнча катышып, байгелүү орундарга ээ болушту:
1. Кыргыз тили боюнча GM-6-23 группасынын студенти
Usman Muhammad - I орун
2. Орус тили боюнча GM- 2-23 (2) группасынын студенти
Мuhammad Musa Shafiq – I орун
3. Латын тили боюнча GM- 1-24 (1) группасынын студенти
Pitti Nissika - III орун
4. Химия предмети боюнча GM-1-24 (2) группасынын студенти
Sravya Kallapalli - III орун
Жеңүүчү студенттерге кубок жана олимпиадага катышкандыгы үчүн сертификаттар тапшырылды.
Гуманитардык дисциплиналар департаментинин жетекчиси, доцент Абдыкадырова М.Б. жана доцент Давлетбакова Д.Т. Эл аралык интеграциялык олимпиадага активдүү катышып, көмөк көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык кат менен сыйланышты.








