Жаңылыктар жана окуялар

27.03.2024

Адам университетинин морфологиялык дисциплиналар жана коомдук ден соолук кафедрасы 2024-жылдын 19-мартында I-II курс студенттеринин арасында нормалдуу анатомия боюнча“Мыкты анатомия студенти” сынагын өткөрдү.

Сынакка “Армия Гиппократа”, “Мозговой смерч” жана “Адамово яблоко” аттуу  6 студенттен түзүлгөн  3  студенттик команда  катышты. 

Студенттер даярдалган классикалык анатомиялык чиймелерди (жүрөк-кан тамыр системасына эки сүрөт жана ашказан-ичеги трактына бир сүрөт) жигердүү көрсөтүштү, ыкчам сурамжылоого катышышты, ошондой эле терминдерди латын тилинен которуп, алардын маанисин түшүндүрүштү.

Мелдештин жыйынтыгында командаларга сертификаттар, ал эми студенттерге 1, 2, 3- даражадагы дипломдор тапшырылды.