Жаңылыктар жана окуялар

27.03.2024

Адам университетинде студенттер ар тараптуу билим алышат, мисалы, студенттер Европалык билим жөнүндө түшүнүккө ээ болушат.

 Адам университетинде студенттер ар тараптуу билим алышат, мисалы, студенттер европалык билим жөнүндө түшүнүккө ээ болушат,  өнөктөш университеттердин алдыңкы окутуучуларынан түздөн-түз баалуу билим алышат жана  алар үчүн профессорлордун конок лекциялары уюштурулат.
  Эразмус+ программасынын академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында Грециянын Аристотель университетинин белгилүү окумуштуусу жана окутуучусу Антонис Папаоиконому Адам университетинин окутуучулары жана студенттери үчүн атайын лекция өткөрдү..
  4 -7-мартта окулган лекциялар Европанын биримдигинин өзгөчөлүктөрүнө, алардын маданияты жана билим берүү системасына арналган. Ошондой эле лекциялардын аягында  кызыктуу дискуссия,  суроолор болду. Мындай  лекциялар студенттерибиздин көз карашын кеңейтүүгө жана түрдүү маданияттарды изилдөөгө шыктандырат деп ишенебиз!
      Келечекте чет элдик окутуучулардын кызыктуу лекцияларын өткөрүп жибербөө үчүн жаңылыктарга көз салып туруңуздар!