Жаңылыктар жана окуялар

08.05.2024

Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы.

2024-жылдын 7-майында Адам университетинде белгилүү окумуштуу, тарых илимдеринин доктору, профессор  А.И.Жуманалиевдин катышуусу менен лекция болуп өттү.  
Лекциянын темасы: “Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы жана кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшү”
Окумуштуу кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшү жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлүшүнүнүн   тарыхый мааниси тууралуу кызыктуу лекция окуп берди.
Бул тарыхый окуя улуттук интеллигенцияны, жумушчу табын түзүүгө, кыргыз элинин жалпы билим жана маданий деңгээлин жогорулатууга кеңири мүмкүндүк берген. 
Жогорку медицина мектебинин жана «Экономика»,  «Менеджмент», «Туризм», «Маалыматтык системалар жана технологиялар» багыттарынын  1, 2 - курстарынын студенттери терең драмага толгон, ошол кездеги окуялар тууралуу кызыктуу жана мазмундуу лекцияны угушту.  А.И. Жуманалиев «Кыргызстандын тарыхы» китебинин үч томдугун университеттин китепканасына белекке берди.
Бул лекция Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 24-октябрындагы “Кара-Кыргыз автономиялык облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөө жөнүндө” №270 Жарлыгынын негизинде жана Гуманитардык дисциплиналар департаментинин тарбия иштеринин комплекстүү планы боюнча өткөрүлдү.

 т. и. к,.проф., Эгембердиев Ш.Э.