Жаңылыктар жана окуялар

04.03.2024

2024-жылдын 27-февралында Адам Университетинин ЖММ “Жалпы медицина” багытынын 8-семестринин студенттери үчүн конок лекциясы өткөрүлдү

Сауд Арабиясынын Аль-Джуф университетинен доктор УМАР ФАРУК ДАР “Коомдук саламаттыкты сактоо жана медициналык ыктыярдуулук” деген темада лекция окуду.

Лекция чет элдик мугалимдер менен иштешүү аркылуу студенттердин билимин кеңейтүү максатында уюштурулган. Врач видеобайланыш аркылуу баарлашкандан кийин лекциясын баштады, студенттер кунт коюп угушту. Адам университети эл аралык студенттер үчүн билим берүү процессин байытуу үчүн дайыма конок лекцияларын өткөрүп турат.