Жаңылыктар жана окуялар

07.03.2024

Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейи  - Кыргыз Республикасынын маданий мурастарынын баалуу объектиси.

2024-жылдын 7-мартында «Экономика, менеджмент жана туримз» багытынын 1-курсунун студенттери Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде болушту.
Иш-чаранын максаты: студенттерди улуу сүрөтчүлөрдүн чыгармалары менен тааныштыруу, кыргыз элинин маданий мурастарынын баалуулуктарына эмоционалдык жана инсандык мамилени калыптандыруу.
   Э-1-23, М-2-23, УБ-3-23, Т-4-22 группаларынын студенттери музейдин туруктуу жана
убактылуу көргөзмөлөрү менен таанышышты.
Музейде сүрөтчүлөрдүн чыгармаларынан кабыл алынган эмоциялар студенттердин
эсинде терең из калтырып, аларга дүйнөлүк жана тарыхый шедеврлердин призмасы аркылуу катардагы нерселерди кароого мүмкүндүк берди
 Студенттер музейге баруунун алдында  Көркөм сүрөт музеинин  эрежелери менен таанышышты.
          Шаарыбыздын  театр  жана музейлерине баруу  иш -чаралары ДГДнын окуу-тарбия иштеринин комплекстуу планы боюнча жүргүзулөт.
                                                                          
                                                              ГДД ага окутуучусу Кубатбекова Ш,К.