Жаңылыктар жана окуялар

29.02.2024

Посещение театра -всегда праздник!

2024-жылдын 26-февралында «Экономика,менеджмент жана туризм» багытынын 1-2-курсунун жана ЛД-6-22 группасынын студенттери Ч.Айтматов атындагы Орус драма театрында болушту.

Иш-чаранын максаты: студенттерди кыргыз адабиятынын классиктеринин чыгармалары менен тааныштыруу, мекенчилдикке тарбиялоо, кыргыз элинин маданиятын, каада- салтын билүү.

Студенттер Т.Касымбековдун «Сынган кылыч» романынын негизинде кыргыз элинин турмушундагы тарыхый окуяларды чагылдырган, терең драма жана трагедияга толгон спектаклди көрүштү.

«Учур» театрынын актерлорунун мыкты эмгегин белгилей кетүү керек, студенттер позитивдүү энергияга ээ болуп, чыныгы жаркын эмоцияларды баштан өткөрүштү.