Жаңылыктар жана окуялар

11.03.2024

11 по 12 марта Адам Университетинде Кыргызстандагы Улуттук Erasmus+ Офис тарабынан уюштурулган « Жогорку билим берүү системасындагы илимий потенциалды өнүктүрүү» темасында семинар өттү.

Иш-чаранын негизги максаты – студенттердин билим тажрыйбасын байытуу үчүн жогорку билим берүү системасындагы илимий-изилдөө иштеринин маанилүүлүгү жөнүндө катышуучулардын маалымдуулугун жогорулатуу жана аны окуу процессине интеграциялоо.


Семинардын  спикерлери Европадан келген тажрыйбалуу эксперттер: bologna.lab жогорку билим берүүн өнүктүрүү боюнча адиси Лаура Шилоу, Гумбольдт университети, Германия жана Вольфганг Дайке, bologna. lab сайтынын жетекчиси, Германия, Гумбольдт университети.


Эки күндүн ичинде жергиликтүү ЖОЖдордон келген катышуучулар эксперттердин лекцияларын угуп, жумушчу топтун отчетторунун долбоорлорун өздөрү даярдашат.
Мындай иш-чаралар тажрыйба алмашууга өбөлгө түзүп, заманбап ыкмаларды жана маселелерди талкуулоо үчүн аянтчаны түзөт.